Меню
Эл-Сөздүк

ЧЫНЫ КАП

(пиала кап). а) Көн — идиштердин бир түрү. Чеберлер муну — өтө кооз, ар кандай үлгүдө кармашат. Анын бири челек сымал узунураак келип, түбү менен оозу бирдей кеңдикте болуп, мунун тегерек капкагын кийгизип коюуга аябай шартташкан. Бул идишке «чийме сынпос» тегерете караганда көрүнгөндөй шайма-шай түшүрүлөт. Ага берилген көркөм оюм-чийимдин сыйдалуулугу менен салттуулугу анын кармоого атайын аттанып түшкөн чеберлердин жекече чыгармачылык кудуретине тыгыз байланышат. «Чийме сынпос» майда да, кезек да көрүнүшү мүмкүн. Ал эми идиштин капкагынын үстүнкү
      бетине анын тегерек-четине түстүү металлдар чабылат. Муну шөкөттөөдө да илгери зергерлердин көп кырдуу, терең сырдуу чыгармачылыгы айгинеленген. Мында да чеберлерден «өнөр буйтап кете алган» эмес. Алар чеберчилик намыстарын бийик тутуп, буюм-кечелерди ала кол кармашкан. Ага зергерчиликте чөгөрүлгөн көркөм шөкөттөр жагдан бетиндеги чиймесынпосторго дал өзүндөй үндөшөт. Жыш көрүнбөй, чегелери майда, «чиймесынпос» менен өз ара айкалышуусу аркылуу «чыны кап» көзгө көрүнүктүү, көңүлгө толумдуу болот. Буюмдун капкагынын төбөсүнө тешик өткөрүлгөн кайыш тоголуу кулакчынга бошураак байланып, ал төбөсүнөн көтөрүп жүрүүгө эптелген.
      Жарым айлана формасында бир эле териге үч-төрт чыны капты туташтыра жасаган чеберлер чыккан. Мында чыны каптын сыртына беркилердей «чиймесынпос» түшүрүү анча наркка жатпайт. Тим эле шөкөттөр чабылган түрлөрү музейлерде сакталууда. Ал күмүш топчулардын араларына тегерете күмүш «таруулатып», асыл таштар менен «тогуз төбөлөөнөт». Мындагы зер топчулар тердиктеги шөкөттөргө окшошот. Алар куйма калыптар аркылуу жүзөгө ашат.

ЧЫНЫ КАП

(пияла кап) в) — Кийиз буюму. Боз үйдүн эпчи тарабына илинген чыны сактай турган баштык. Анын кооз түрүнө шырдак оюмдары түшүрүлөт да, ал цилиндр жана жарым сферал түрүндө жасалат.
      Кийиз чыны каптын көркөм оюмунда бөтөнчөлүктөр буюмдун төгөрөгүнө түшкөн кооздуктар ошол тегерек формасындагы кудум чыны каптай көрүнөт. Анын тегерек капкагы, колдо чалынган боосу болот. Анда түшкөн кийиз оюмунун өнү ар кыл, кара-кызыл, ак-кара, кара-сары өңдүү ич ара өңдү чечүүгө шарттуу түстөр тандалат. Ошондо буюмдун түбү, капкактын чети шырдактай жээктелет. Мунун экинчи түрүндө чыны каптын бетине тегерек (табак) оюм түшүп, анын чети бычак учтанып, сары, көк, ак өңдөрдөн турган «араа тиш», «ит куйрук», «бармак боочу», «бадам» оюмдары чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны капкак үстү да көркөм оюмдалат.

Примеры переводов: ЧЫНЫ КАП

Кыргызский Русский
Чыны менен эле, эгин оруп-жыюуга даяр болуп, бышып калды (Жкн. 4:34, 35). Поля действительно созрели для сбора урожая. (Иоанна 4:34, 35)
Сервитут - башка жактын кыймылсыз мүлкүн, аны чыны менен ээлебей туруп чектүү пайдалануу укугу, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн ээсинин же аны пайдалануучунун анын аймагында башка жактардын пайдасына алып келген аракеттер же андай аракеттен кармануу жөнүндө Сервитут является право на ограниченное использование недвижимого имущества другого лица без его фактического владения, и любое согласие собственника или пользователя недвижимого имущества на действия или бездействия на своей территории в пользу другой Pe

Примеры переводов: ЧЫНЫ КАП

Кыргызский Английский
Чыны менен эле, эгин оруп-жыюуга даяр болуп, бышып калды (Жкн. 4:34, 35). The fields are indeed ripe for harvesting. (John 4:34, 35)
Сервитут - башка жактын кыймылсыз мүлкүн, аны чыны менен ээлебей туруп чектүү пайдалануу укугу, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн ээсинин же аны пайдалануучунун анын аймагында башка жактардын пайдасына алып келген аракеттер же андай аракеттен кармануу жөнүндө Easement is the right to a restricted use of the immovable property of other person without actual possession thereof, and any agreement of the owner or user of the immovable property on action or inactivity on its territory for the benefit of other perso

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: